Улуттук банк төлөм уюмдарына көзөмөлдү күчөтөт

Улуттук банк төлөм уюмдарына көзөмөлдү күчөтөт

КРнын Улуттук банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, 2026-жылдын 6-июлунда "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтомду кабыл алды.

Жаңы нускамага ылайык, Улуттук банк лицензиянын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторлору менен төлөм уюмдарынын ишин аралыктан көзөмөлдөө жана инспектордук текшерүүлөр аркылуу текшерет.

Мындан тышкары, көзөмөлдүн жүрүшүндө уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды сактоосу өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул багыттагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлөт.

Маалыматка таянсак, Улуттук банк зарыл болгон учурда төлөм уюмдарынан жана алардын агенттери, субагенттери, электрондук акча кабыл алуучулары, соода-сервистик ишканалары жана башка өнөктөштөрү боюнча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.

Жаңы тартипте ошондой эле Улуттук банктын кураторлорунун жана инспектордук текшерүү топторунун ыйгарым укуктары, төлөм уюмдары менен маалымат алмашуу жана өз ара иш алып баруу механизмдери так аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media