BAKAI жана Яндекс Go кешбэк жана арзандатууларды белек кылат: бул жайда такси менен кантип үнөмдүү жүрүүгө болот

BAKAI жана Яндекс Go кешбэк жана арзандатууларды белек кылат: бул жайда такси менен кантип үнөмдүү жүрүүгө болот

BAKAI банкы Яндекс Go менен биргеликте банк кардарлары үчүн жаңы акцияны ишке киргизди.

Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлап, аны менен төлөм жүргүзгөн бардык карта ээлери активдүүлүгүнө жараша такси сапарларынан 15% чейин арзандатуу ала алышат:

  • — Алгачкы 5 сапарга 15% арзандатуу. Бул буга чейин Яндекс Go тиркемесине BAKAI картасын байлабаган жана сапарлар үчүн накталай акча, QR-код же башка банктардын карталары аркылуу төлөп келген колдонуучулар үчүн.
  • — Мурда BAKAI картасын Яндекс Go’до колдонуп, бирок акыркы 6 ай ичинде аны менен жол акысына төлөм жүргүзбөгөн колдонуучулар үчүн алгачкы 3 сапарга 5% жеңилдик берилет.

Мындан тышкары, BAKAI картасынын бардык ээлери ар бир сапар үчүн кошумча 3% кешбэк алышат.

Жеңилдик Бишкек, Ош, Манас жана Каракол шаарларындагы "Комфорт" тарифи боюнча колдонулат.

Эгер сизде азырынча BAKAI картасы жок болсо, анда жеткирүү кызматы менен Visa, Mastercard жана Элкарт+ карталарын тиркеме аркылуу буюртма кылсаңыз болот.

Акцияга кантип катышууга болот:

  1. Яндекс Go мобилдик тиркемесине катталыңыз.
  2. BAKAI картасын байлап, аны негизги төлөм каражаты катары тандаңыз.
  3. Сапарлар үчүн төлөмдү тиркеме аркылуу BAKAI картасы менен жүргүзүңүз.
“Бул акция BAKAI кардарларына күнүмдүк сапарларынан үнөмдөөгө жана ошол эле учурда коопсуз санариптик төлөмдөрдүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Бул – кардарлар үчүн ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүүгө багытталган стратегиябыздын бир бөлүгү”, – деп белгилешти банк өкүлчүлүгү.

Акциянын мөөнөтү 2026-жылдын 6-июлунан 6-октябрына чейин - арзандатуулар акциянын толук мөөнөтүндө жана акция аяктагандан кийин дагы 1 ай бою күчүндө болот.Уюштуруучулар акциянын талаптарынын туура аткарылышын көзөмөлдөөгө жана эреже бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө укуктуу.

*Арзандатуунун максималдуу өлчөмү чектелген: 15% арзандатуу колдонулганда бир сапар үчүн 50 сомдон, ал эми 5% арзандатуу колдонулганда, бир сапар үчүн 17 сомдон ашпайт.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media