Улуттук банк валюталык интервенция эмне үчүн жүргүзүлүп жатканын түшүндүрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюталык интервенциялар сомдун курсун жасалма түрдө кармап туруу үчүн эмес, ички валюта рыногундагы суроо-талап менен сунуштун убактылуу тең салмаксыздыгын жөнгө салуу үчүн жүргүзүлөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курсу колдонулат жана сомдун курсу рыноктогу суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталат. Улуттук банк чет өлкө валютасына суроо-талап кескин өсүп, сунуш жетишсиз болуп калган учурда гана рынокко кийлигишет.
Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, валюталык интервенциялардын көлөмүнүн өсүшү экономикадагы оң тенденция болуп түшүндүрүлөт. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 782,9 млрд сомдон 1,98 трлн сомго чейин өсүп, тышкы соода, импорт жана инвестициялык долбоорлор кеңейген. Натыйжада бизнес тарабынан чет өлкө валютасына болгон суроо-талап да көбөйгөн.
Өзгөчө курулуш тармагындагы активдүүлүк жана ири инфраструктуралык долбоорлор жай мезгилинде импорттук жабдууларды жана курулуш материалдарын сатып алууга байланыштуу валютага болгон муктаждыкты арттырып жатканы белгиленди.
2025-жылы Улуттук банк ички рынокко 853 млн $ сатса, 2026-жылдын башынан 16-июлга чейин валюталык интервенциялардын көлөмү 1 млрд 472,6 млн $ жеткен. Бул каражаттар ички рынокто чет өлкө валютасын сунуштоо көлөмүнүн убактылуу жетишсиздигин жөнгө салууга багытталган.
Ошол эле учурда Улуттук банк бул көрсөткүчтү өлкөнүн эл аралык резервдери менен салыштыруу керектигин белгилейт. Эгерде 2021-жылы таза валюталык сатуу резервдердин 24,4%ын, 2023-жылы 25,6%ын түзсө, учурда бул көрсөткүч болжол менен 17% деңгээлинде.
