Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезондо иштеп жаткан 1267 туристтик объект бар. Алардын ичинен 800дөн ашык объектте саркынды сууну тазалоочу курулма жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Билдирүүгө караганда, учурдагы туристтик сезондо көл жээгинде 171 пансионат, 62 мейманкана, 984 конок үйү жана 50 боз үй шаарчасы иштеп жатат.

Адистин айтымында 2026-жылы Ысык-Көлдө саркынды сууну тазалоочу курулмалардын саны 251ден 286га жетти. Былтыр 41, быйыл болсо 35 жаңы тазалоочу курулма пайдаланууга берилди. Ошол эле учурда талапка жооп бербеген объектилер дагы эле көп. Алардын басымдуу бөлүгү чакан конок үйлөрү жана сезондо гана иштеген эс алуу жайлары.

Мындан тышкары министрликтин өкүлү Ысык-Көлдө полиэтилен баштык жана бир жолку желим идиштерин колдонууга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандагын белгиледи. Айтымында азырынча 400гө жакын эскертүү берилип, талапты аткарбагандарга 5 миңден 10 миң сомго чейин айып пул салынаары маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media