Кыргызстанда брокердик эсепти 15 мүнөттө аралыктан ачууга мүмкүн болду

Кыргызстанда брокердик эсепти 15 мүнөттө аралыктан ачууга мүмкүн болду

Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында дагы эки реформа ийгиликтүү аяктады. Натыйжада брокердик эсепти аралыктан ачуу 15 мүнөткө чейин кыскарып, санитардык китепчени тариздөө процесси да кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, быйыл ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган тогуз реформа башталган. Алардын экөө боюнча коюлган максаттар толугу менен аткарылды.

Реформалардын бири Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда финансылык кызматтарга жетүүнү жеңилдетүүгө багытталган. Анын негизинде брокердик эсепти аралыктан ачууда кардарды идентификациялоо жана верификациялоо убактысы болжол менен 2 күндөн 15 мүнөткө чейин кыскартылды. Бул санариптик идентификацияны киргизүү, мамлекеттик маалымат системалары менен интеграция жана маалыматтарды автоматтык текшерүү аркылуу ишке ашты.

Экинчи реформа санитардык китепчени тариздөө процессин санариптештирүүгө багытталды. Натыйжада документти алуу мөөнөтү 8 күндөн 4 жумушчу күнгө чейин кыскарып, медициналык мекемелерге баруулардын саны 5тен 2ге чейин азайды.

Мындан тышкары, электрондук медициналык китепчелердин мамлекеттик реестри түзүлүп, документтерди жасалмалоо тобокелдиги төмөндөдү. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана көзөмөлдөөчү органдар санитардык китепченин актуалдуу статусун онлайн режиминде текшере алышат.

Адылбек Касымалиев бул реформалар мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүп, жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырганын белгилеп, аларды ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media