А. Касымалиев: Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

А. Касымалиев: Кыргызстандын экономикасы жарым жылда 11,9% өстү

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 960 млрд сомго жетип, экономика 11,9% өстү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 960 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,9% болду.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээледи.

Экономикалык өсүшкө бардык негизги тармактар салым кошкон. Тактап айтканда, курулуш тармагы 69,6%, өнөр жай 12,8%, тейлөө тармагы 6%, ал эми айыл чарба 4,3% өскөн.

Өнөр жайда химиялык продукцияны өндүрүү 2,9 эсеге, фармацевтикалык продукцияны өндүрүү 1,8 эсеге, транспорт каражаттарын өндүрүү 40,7%, курулуш материалдарын өндүрүү 33,4%, негизги металлдарды өндүрүү 11,9%, тамак-аш өндүрүшү 8,2%, ал эми кен байлыктарды казып алуу 12,8% көбөйгөн.

Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64,3% өскөн. Бул өсүш ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, тышкы каржылоо булактарынын 3,2 эсеге көбөйүшү менен камсыз болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media
ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media