Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24 саат, жумасына 7 күн, жылына 365 күн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бирдиктүү оператор төлөм жана маалыматтык билдирүүлөрдү иштеп чыгуу, клиринг жүргүзүү, реестрлерди жана маалымдамаларды жүргүзүү, операцияларды көзөмөлдөө, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана системанын үзгүлтүксүз иштешине жооп берет.

Тез төлөмдөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү идентификаторлорду колдонуу каралууда. Алардын катарына:

-        уюлдук телефондун номери;
-        улуттук QR-код;
-        банктык эсептин номери;
-        банк картасынын номери;
-        жана башка идентификаторлор кирет.

Ошондой эле долбоордо идентификаторлордун борборлоштурулган реестрин түзүү каралган. Ал QR-кодду же башка идентификаторду конкреттүү кардар, банктык эсеп, электрондук капчык же башка төлөм инструменти менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.

Реестрде маалыматтар актуалдуу жана толук болушу, идентификаторлорду салыштырууда кайталанган же туура эмес маалыматтарга жол берилбеши керек.

Улуттук банк тез төлөмдөр системасын түзүү зарылдыгын өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүшү менен байланыштырууда. Жаңы система учурдагы төлөм инфраструктурасын толуктап, акча жөнөтүүчү менен алуучунун кайсы банкта же финансылык уюмда тейленгенине карабастан, алардын ортосундагы которууларды тездетүүгө багытталат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда иштеп жаткан бирдиктүү төлөм инфраструктурасы 2022-жылдын май айынан 2026-жылдын 1-июнуна чейин 1,03 млрддан ашык төлөмдү жана которууну иштеп чыккан. Алардын жалпы суммасы 1,7 трлн сомду түзгөн.

Долбоордо мындан тышкары ликвиддүүлүктү башкаруу, алдамчылыкка каршы аракеттенүү, талаштуу жана жаңылыш жүргүзүлгөн операцияларды жөнгө салуу механизмдери каралган. Системанын маалыматтык коопсуздугуна жана өзгөчө кырдаалдарда резервдик калыбына келтирүүгө да талаптар белгиленет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, «Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасы жөнүндө» жобонун долбоору «Улуттук банктын ченемдик актылары» — «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүмүндө жана коомдук талкуунун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media