Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда
Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган.
Учурда имараттын каркасы толук тургузулуп, дубалдарын көтөрүү иштери 90 пайызга аяктады.
Ал эми Ак-Бата-3 көчөсүндөгү жаңы мектептин дубалдары толук тургузулган. Учурда ички шыбак жана тышкы инфраструктура иштеринин жүрүшү уланууда. Курулуштун жалпы көлөмү 80 пайызды түзөт.
Мындан тышкары, муниципалитеттин карамагына кайтарылган Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасынын имаратын оңдоо жана айланасын иретке келтирүү пландалууда. Ошондой эле анын жанында балдардын чыгармачылык борборун куруу мүмкүнчүлүгү каралат.