Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды
Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү.
Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын жеңилдетүүгө багытталган.
Мэриядан билдиришкендей, социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды колдоо жана алардын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулууда.