"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди.
Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо, брондоо жана медициналык кызматтар санариптештирилди.
Буга чейин эскирген абалдагы санаторий президенттин демилгеси менен Иш башкармалыкка өткөрүлүп, 2024-жылдын декабрынан бери масштабдуу реконструкция жүрүп жатат.