Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда
24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты.
Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган жер тилкелери менен таанышып, алардын абалын жана учурдагы инфраструктураны баалашты. Ошондой эле аймактардагы саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын талкуулашты.
Долбоордун алкагында үч ири медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда:
- Ош облустар аралык онкологиялык борбору;
- Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты;
- Нарын облусундагы көп тармактуу оорукана.
Учурда миссиянын алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүүдө. Анда долбоорду даярдоонун кийинки этаптары, медициналык уюмдардын муктаждыктары, ишке ашыруунун техникалык маселелери жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.