Кыргызстанда санарип сомду 2026-жылдын аягына чейин пилоттук тестирлөө пландалууда
Кыргызстанда виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар жаңы чаралар белгиленди. Алардын ичинде санариптик сомду пилоттук тестирлөөдөн өткөрүү, виртуалдык активдерди лицензиялоо жана көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүү, ошондой эле мыйзамдарды жаңылоо каралган. Бул маселелер 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук банкка санариптик сомдун базалык платформасын иштеп чыгып, аны 2026-жылдын 31-декабрына чейин пилоттук тестирлөөдөн өткөрүү тапшырылды. Ага ылайык, 2027-жылдан тартып санариптик сомду реалдуу шарттарда тестирлөө башталып, андан соң аны этап-этабы менен улуттук деңгээлде жайылтуу пландалууда.
Президент биринчи кезекте технологиялык жана экономикалык трансформациянын негизги багыттарынын бирине айланып жаткан виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана жаңы санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасы мыйзамдык базаны ырааттуу өркүндөтүп, зарыл болгон технологиялык жана финансылык инфраструктураны түзүүдө, ал эми рыноктун динамикасы жана бизнес менен инвесторлор тарабынан өсүп жаткан кызыгуу бул багыттын олуттуу потенциалын ырастоодо.
Виртуалдык активдерди лицензиялоо санариптешет
Мындан тышкары, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү лицензиялоо жана мамлекеттик көзөмөл процесстерин санарип форматка өткөрүү үчүн бирдиктүү платформа түзүү демилгеси колдоого алынды.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке бир айдын ичинде платформанын наркын жана аны каржылоо булактарын аныктоо боюнча сунуш киргизүү тапшырылды. Платформаны 2027-жылдын 1-январынан тартып пилоттук тестирлөөгө киргизүү пландалууда.
Мындан сырткары жыйында улуттук валютага байланыштырылган KGST стейблкоинин өнүктүрүү жана пайдалануу келечеги да каралды.
Мындан тышкары, виртуалдык активдер тармагындагы ишмердикке салык салуунун азыркы жана келечектеги ыкмалары, эл аралык санкциялардын жана чектөөлөрдүн Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногуна тийгизиши мүмкүн болгон таасири талкууланды.
Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет
Виртуалдык активдер тармагын жөнгө салган мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча да мөөнөттөр белгиленди. Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикке:
- үч айдын ичинде тиешелүү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын топтомун кабыл алуу;
- үч айдын ичинде «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга жана башка тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматына эки айдын ичинде виртуалдык активдерди салыктык жөнгө салууну өркүндөтүү маселесин кароо тапшырылды.
Коопсуздук жана тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурулат
Президент виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагындагы тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу маанилүү экенин белгиледи.
УКМК менен ИИМге колдонуудагы мыйзамдарды жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизмдерин комплекстүү баалап, ыйгарым укуктарды, жоопкерчиликти, маалымат алмашуу жана чара көрүү тартибин так аныктаган бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу тапшырылды.



Мындан тышкары, бул тармак үчүн адистерди даярдоону күчөтүү милдети Илим жана жогорку билим берүү министрлигине жүктөлдү.
Президенттин айтымында, виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана жаңы санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүү өлкөнүн технологиялык жана экономикалык трансформациясынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.