VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү

6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Ага катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктады

“ Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Касымалиев - көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу дүйнө эли кызыгуу менен күткөн ири спорттук окуяларга үзөңгүлөш болуп бара жатканын, Дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болгонун белгиледи.  

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы үстүбүздөгү жылдын 31-августунда жаңы курулган Бишкек аренада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген бир катар мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда болуп, оюндар  алты күнгө уланды. 

Дүйнөлүк коомчулукта бул Оюндарга чоң кызыгуу пайда болуп, эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк спорт жана маданият коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлү Кыргызстанга бурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз тарыхынын кийинки барагын Татарстан Республикасында (Россия Федерациясы) ачат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media