Кыргыз бажысынын кинологу кызматтык ити менен КМШ мелдешинде үч байгелүү орунду ээледи

Кыргыз бажысынын кинологу кызматтык ити менен КМШ мелдешинде үч байгелүү орунду ээледи

Кыргызстандын бажы кызматынын өкүлү Наталья Гладкова «Фрея» аттуу кызматтык ити менен КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн арасында өткөн XIV мелдеште үч байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу КРнын Бажы кызматынан маалдымдашты.

Билдирүүгө караганда, мелдеш 2026-жылдын 24–28-августунда Алматы шаарында өтүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Беларусиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышкан.

Наталья Гладкова - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын Кинологиялык даярдоо бөлүмүндө улук инспектор болуп иштейт. Мелдештин жыйынтыгында ал:

-        «Жүктөн баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында — 2-орун;
-        «Жеңил автотранспорттон баңгизат каражаттарын издөө» номинациясында — 3-орун;
-        жалпы жеке эсепте — 2-орунду ээледи.

Мелдештин алкагында «Бажы органдарынын ишмердигинде кызматтык иттерди колдонуу» темасында семинар да уюштурулду. Анда катышуучулар кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүп, кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмаларын талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

Садыр Жапаров Кара-Көл шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, Кара-Көл шаарында 2021–2026-жылдары жаңы мектеп, бала бакча

Ишкер Media
Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайга 220 миң сом айып салынды

Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайга 220 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында мыйзам талаптарын бузган төрт акча алмаштыруучу жайга жалпы 220 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, төрт алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып салынган. Буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон. Мындан тышкары, Бишкек

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда

Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаарында жалпы инвестициялык көлөмү 71,5 млн долларды

Ишкер Media
MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media