Улуттук банк бир микрокредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк бир микрокредиттик компаниянын лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн «Ак-Нур Капитал» МКК ЖЧКнын каттоо күбөлүгүн жана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу лицензиясын кайтарып алды.

Улуттук банктан билдиргендей, тиешелүү чечим 9-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Компаниянын эсептик каттоо күбөлүгү жана лицензиясы кайтарылып алынды.

Ошол эле учурда, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен “БизнесИнвестКредит Девелопмент” МКК ЖЧКнын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн аракети 9-сентябрдан тартып кайра калыбына келтирилгендиги маалым болду. Бул чечим комитеттин 2026-жылдын 3-сентябрындагы токтомунун негизинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын микрокредиттик компанияларынын 2026-жылдын 5-августуна карата абал боюнча 523 микрокредиттик компаниялар ишмердүүлүгун жүргүзүп жатат.  

Микрокредиттик компания – коммерциялык уюмдун ар кандай уюштуруучулук-укуктук тариздеринде түзүлгөн, КРУБдун күбөлүгүн алган жана өз каражаттарынын, болбосо донорлордун, жергиликтүү жана эл аралык каржы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү ишке ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media