Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди
КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана алмашуу бюролоруна 26 жазма буйрук берилген. Ошондой эле алмашуу бюролорунун иши боюнча 24 убактылуу токтотуу чарасы колдонулуп, микрофинансылык уюмдарга 1 жана алмашуу бюролоруна 24 айыптык төлөм салынган.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 11, кредиттик союздарга 8 жана алмашуу бюролоруна 356 жазма буйрук чыгарылды. Мындан тышкары, алмашуу бюролоруна карата 2 убактылуу токтотуу чарасы колдонулуп, 12 айыптык төлөм салынган.
Ошондой эле микрофинансылык уюмдун бир лицензиясы жана алмашуу бюролорунун 20 лицензиясы кайтарып алынган.

