Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү
Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлгөн.
Ачылган ишканалардын арасында 58 өнөр жай ишканасы, 17 айыл чарба ишканасы, 9 туристтик объект, 46 коомдук тамактануу жайы, 36 соода объектиси жана 30 тейлөө жайы бар. Ошондой эле курулуш компаниясы, логистикалык борбор, эки финансылык мекеме жана башка багыттардагы 15 ишкана ишке кирген.
Мындан тышкары, райондо инвестициялардын көлөмү 2021-жылы 2 млрд 575 млн сомду түзсө, 2025-жылы 3 млрд 902,1 млн сомго жеткен.
Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча районго 3 млрд 980,1 млн сом инвестиция тартуу пландалууда.