Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген.

Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге барабар. Негизги айырмасы — анын сакталган жеринде. Накталай акча капчыкта, накталай эмес каражат коммерциялык банктын эсебинде болсо, санарип рубль Россиянын Борбордук банкынын платформасындагы атайын санарип капчыкта сакталат.

Эксперттин айтымында, санарип рублдин маанилүү артыкчылыгы — ал конкреттүү коммерциялык банкка байланбайт. Банк банкрот болгон учурда картадагы каражаттарга байланыштуу көйгөй жаралышы мүмкүн, ал эми санарип рубль Борбордук банктын платформасында сакталгандыктан жоголбойт. Санарип капчыкты өнөктөш каалаган банктын тиркемеси аркылуу колдонууга болот.

Санарип рублге өтүү ыктыярдуу. Аны колдонуу үчүн жаран өзүнүн банкынын тиркемеси аркылуу санарип капчык ачат. Капчыкты айына 300 миң рублга чейин комиссиясыз толтурууга болот. Төлөмдөрдү жана которууларды QR-код же телефон номери аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн. Учурда санарип рубль айрым ири соода түйүндөрүндө жана маркетплейстерде кабыл алынууда.

Санарип рублдин артыкчылыктары катары акысыз жана ыкчам которуулар, банкка көз каранды эместиги жана банкроттук тобокелдигинен корголушу белгиленүүдө. Бирок анын кемчиликтери да бар: калдыгына пайыз эсептелбейт, кэшбэк каралган эмес, санарип рубль менен депозит ачууга же насыя алууга болбойт.

Кыргызстанда - санарип сомдун киргизилишине аз калды

Ал эми Кыргызстанда - санарип сомду колдонуу боюнча мыйзам 2027-жылдын башынан тарта күчүнө кириши күтүлүүдө. Учурда долбоордук иштер жүргүзүлүп жатат.

Санарип сомдун платформасынын ээси — КРнын Улуттук банкы. Аны киргизүү бир нече фаза менен ишке ашырылат. Биринчи этапта платформадан санарип акчаны чыгаруу, кийинки этапта банктар менен интеграциялоо каралган. Анын алкагында банктардын мобилдик тиркемелерине санарип сом капчыгын киргизүү жана каражаттарды бир капчыктан экинчисине которуу мүмкүнчүлүгүн түзүү пландалууда.

2026-жылдын аягына чейин санарип сомдун базалык платформасын иштеп чыгып, аны пилоттук режимде тестирлөө каралган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media