Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар, блокчейн-технологиялар жана санариптик активдер чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.

Тараптар санариптик активдердин жана блокчейн-инфраструктуранын коопсуздугу, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана аларды баалоо, комплаенс, ошондой эле санариптик активдер чөйрөсүндө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн заманбап ыкмалары боюнча өз ара иш алып барууну көздөшөт.

Кызматташуу ошондой эле эл аралык тажрыйба жана эксперттик билим менен алмашууну, консультацияларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүүнү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча мүмкүн болуучу биргелешкен демилгелерди кароону камтыйт.

CertiK компаниясы ар кайсы өлкөлөрдөгү финансылык уюмдар, мамлекеттик түзүмдөр жана жөнгө салуучулар менен өз ара иш алып баруу боюнча олуттуу тажрыйбага ээ.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media