Бишкекте 334 түп дарак отургузулду
24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады.
Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен, каштан, катальпа жана чынар отургузулду.
Саманчин көчөсүндө сквер уюштуруу пландалууда. Ал үчүн 17 соода түйүнү алынган. Узундугу 260 метр тротуар салынууда.
Мэр Айбек Жунушалиев тротуарга тоскоол болгон объекттин бир бөлүгүн демонтаждоо маселесин чечүүнү тапшырды.


