Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акча 324 млрд сомго жетти

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акча 324 млрд сомго жетти

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомду түздү. Анын 30,9 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында сакталса, 293,1 млрд сому банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон.

Мындай маалыматты Улуттук банк Кыргызстандагы нак акчанын жүгүртүлүшүнүн 2026-жылдын III - чейрегиндеги абалы тууралуу маалыматында белгилеген. Билдирүүгө караганда, банк тутумунан тышкары жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,6 млрд сомго же 11,2 % көбөйгөн.

Ал эми 2026-жылдын июль–сентябрь айларында өлкөдөгү коммерциялык банктардын кассаларына жалпысынан 1 трлн 871,2 млрд сом накталай акча келип түшкөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 385 млрд сомго же 25,9 %га көп.

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын келип түшүүсүнүн өзгөрүүсү: 

Ошол эле мезгилде коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 883,4 млрд сом накталай акча берилген. Бул 2025-жылдын үчүнчү чейрегине салыштырмалуу 378,5 млрд сомго же 25,2 пайызга көп.

Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаларды берүүдөгү өзгөрүүлөр:

Үчүнчү чейректе банктардын кассаларына накталай акчанын кайтарымдуулугу 99,4 % түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 % жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты

Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү Түркияда өткөн Түрк дүйнөсү камсыздандыруу биримдигинин 5-эл аралык камсыздандыруу саммитине жана 2-жалпы жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2026-жылдын 8–11-октябрында өткөрүлдү. 8-октябрда Стамбул финансы борборунда 5-эл аралык камсыздандыруу саммити

Ишкер Media