Кыргызстан Түрк дүйнөсүнүн камсыздандыруу кызматташтыгына катышты
Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү Түркияда өткөн Түрк дүйнөсү камсыздандыруу биримдигинин 5-эл аралык камсыздандыруу саммитине жана 2-жалпы жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2026-жылдын 8–11-октябрында өткөрүлдү. 8-октябрда Стамбул финансы борборунда 5-эл аралык камсыздандыруу саммити өтсө, 9–11-октябрда Газиантеп шаарында Түрк дүйнөсү камсыздандыруу биримдигинин 2-жалпы жыйыны уюштурулган.
Иш-чараларга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, “Кыргызстан камсыздандыруучулар ассоциациясынын” жана камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууларда камсыздандыруу тармагындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү, эл аралык стандарттарды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен кайра камсыздандыруу механизмдерин түзүү маселелери талкууланды. Иш-чаралар түрк мамлекеттеринин камсыздандыруу тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана аймактык интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган.