Салык кызматы ишкерлерди ЭЭФ 2.0 системасына кошулууга чакырды
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди “Электрондук эсеп-фактура 2.0” (ЭЭФ 2.0) системасынын пилоттук долбооруна активдүү катышууга чакырууда. Бул жаңы системанын иштешин алдын ала текшерүүгө жана аны колдонууга даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, ЭЭФ 2.0 модулу 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып пилоттук режимде иштеп жатат. Долбоор алты айга эсептелген.
Кимдер үчүн милдеттүү?
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы №705-т тескемесине ылайык, бекитилген тизмедеги товарлар менен иштеген салык төлөөчүлөр үчүн ЭЭФ 2.0 пилоттук долбооруна катышуу милдеттүү. Бул тизмеге - мунай жана мунай заттары, көмүр, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки продукциялары кирет.
Ал эми тизмеге кирбеген товарлар менен иштеген ишкерлер пилоттук долбоорго ыктыярдуу түрдө катыша алышат.
Эмне үчүн азыр кошулуу керек?
Салык кызматы ишкерлерге пилоттук мөөнөт аяктаганга чейин жаңы системаны колдонуп көрүүнү сунуштайт.
Пилоттук мезгилде ЭЭФ 2.0 аркылуу таризделген документтер салыктык милдеттенмелерди пайда кылбайт, өзгөртпөйт жана токтотпойт.
ЭЭФ 2.0 системасына кантип кошулса болот?
Ыктыярдуу катышууну каалаган ишкерлер төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:
- Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү.
- “Электрондук эсеп-фактура 2.0” модулун ачуу.
- “Виртуалдык кампаны ачуу” функциясын тандоо.
Ушундан кийин салык төлөөчү пилоттук долбоордун катышуучусу болуп, жаңы системаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.