Балыкчыдагы жол салуудагы мүчүлүштүктөр подрядчылардын эсебинен жоюуда

Балыкчыдагы жол салуудагы мүчүлүштүктөр подрядчылардын эсебинен жоюуда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Балыкчы шаарындагы тротуарларды реконструкциялоо иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүүдө.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, буга чейин Абдрахманов, Кулакунов жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо иштеринен кемчиликтер аныкталган. Ушуга жараша “Капитал Консалтинг Компани”, “Чу Прокси” жана “4 Энерджи” ЖЧКлары административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар аныкталган кемчиликтерди өз каражаттарынын эсебинен жоюшу талап кылынган.

Билдирүүгө ылайык, азыр подряддык уюмдар кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүшүүдө. Тактап айтканда, асфальт төшөлүүчү негиз тазаланып, битум эмульсиясы колдонулууда. Андан соң курулуш ченемдерине ылайык, калыңдыгы 4 сантиметр болгон асфальт-бетон катмары төшөлмөкчү.

Аткарылып жаткан иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин сакталышы Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын адистери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Бангкокто эл аралык төлөм системасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышты

Кыргызстан Бангкокто эл аралык төлөм системасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышты

15-октябрында Бангкок шаарында Кыргыз Улуттук банкы эл аралык финансы коомчулугу менен төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, талкуу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өткөн "GFTN Select Thailand" иш-чарасында болду. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү

Ишкер Media
Чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси талкууланды

Чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси талкууланды

Башкы прокурор М.Бектургановдун тапшырмасы боюнча Башкы прокуратурада чет мамлекеттердин, анын ичинде РФнын аймагында эркиндигинен ажыратууга соттолгон КРнын жарандарын жазасын андан ары КРда өтөө үчүн жарандыгы бар мамлекетине өткөрүп берүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү. Аталган органдын басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеге КРнын Президентинин Администрациясынын, Жогорку Кеңешинин, Жогорку

Ишкер Media
Оңой акча табам деп кылмышка аралашпаңыз: милиция дроперлер тууралуу эскертти

Оңой акча табам деп кылмышка аралашпаңыз: милиция дроперлер тууралуу эскертти

Банк картаңызды башка бирөөгө колдонууга берүү же өз эсебиңиз аркылуу бейтааныш адамдардын акчасын которуу сизди мыйзамсыз каржылык операцияларга аралаштырып коюшу мүмкүн. Бишкек шаардык милициясы жарандарды дропер болуп калуудан сак болууга чакырууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кыргыз экономикалык университетинде өткөн киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекцияда, студенттерге эскертти.

Ишкер Media
Салык кызматы ишкерлерди ЭЭФ 2.0 системасына кошулууга чакырды

Салык кызматы ишкерлерди ЭЭФ 2.0 системасына кошулууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди “Электрондук эсеп-фактура 2.0” (ЭЭФ 2.0) системасынын пилоттук долбооруна активдүү катышууга чакырууда. Бул жаңы системанын иштешин алдын ала текшерүүгө жана аны колдонууга даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, ЭЭФ 2.0 модулу 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып пилоттук режимде

Ишкер Media