Оңой акча табам деп кылмышка аралашпаңыз: милиция дроперлер тууралуу эскертти
Банк картаңызды башка бирөөгө колдонууга берүү же өз эсебиңиз аркылуу бейтааныш адамдардын акчасын которуу сизди мыйзамсыз каржылык операцияларга аралаштырып коюшу мүмкүн. Бишкек шаардык милициясы жарандарды дропер болуп калуудан сак болууга чакырууда.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кыргыз экономикалык университетинде өткөн киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекцияда, студенттерге эскертти.
Тартип сакчалар, айрым учурларда адамдар оңой акча табуу сунушуна алданып, өздөрү да билбей кылмыштуу схемаларга аралашып калышы мүмкүндүгүн билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай аракеттер мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Алдамчылардан кантип сактануу керек?
Милиция төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштады:
- Банк картаңызды жана банктык эсебиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн башка адамдарга бербеңиз.
- Бейтааныш адамдарга SMS аркылуу келген ырастоо коддорун айтпаңыз.
- Өз эсебиңиз аркылуу башка бирөөнүн акчасын которууга макул болбоңуз.
- Интернетте жана социалдык тармактарда оңой акча табууну убада кылган шектүү сунуштарга ишенбеңиз.
- Жеке маалыматтарыңызды жана банктык аккаунттарыңызды коргоңуз.
Милициянын маалыматына ылайык, мындай түшүндүрүү иштери жарандардын киберкылмыштуулук тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга жана интернет-алдамчылыктын алдын алууга багытталган.