Микрокредиттик компаниялардын бирине айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир микрокредиттик компанияга айып пул салынды.
Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, мыйзам бузууга жол берген компанияга - 55 000 сом өлчөмүндө айып салынган.
2026-жылдын 8-октябрына карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 56 микрокредиттик компания бар.