Улуттук банк: 3 алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулуп, 1 уюмга айып пул салынды

Улуттук банк: 3 алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулуп, 1 уюмга айып пул салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн үч акча алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотуп, беш уюмга жалпысынан 275 миң сом айып пул салды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары убактылуу токтотулду:

  • BTK Group ЖЧКсы — Бишкек шаары. Лицензиясы 2026-жылдын 10-октябрынан 24-октябрына чейин токтотулган;
  • “Ийгилик Али” ЖЧКсы — Бишкек шаары. Лицензиясы 2026-жылдын 27-октябрына чейин токтотулду
  • “Азирет Трейд” ЖЧКсы — Чүй облусу.  Лицензиясы 2026-жылдын 27-октябрына чейин токтотулду.
Билдирүүгө караганда, мындан тышкары, Бишкекте жайгашкан бир төлөм уюмуна, бир микрокредиттик компанияга жана үч акча алмаштыруу бюросуна ар бирине - 55 миң сомдон айып пул салынган. Анын жалпы суммасы 275 миң сомду түздү.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк ислам каржылоосунун эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк ислам каржылоосунун эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк ислам каржылоосу боюнча иштеген банктарга жана микрофинансылык уюмдарга коюлган талаптарды өзгөртүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору банктардын “ислам терезелеринин” ишин өркүндөтүүгө жана мурабаха бүтүмдөрүн жөнгө салуучу эрежелерди мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Документ 2026-жылдын 8-июнунда кабыл алынган №85 мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Анын

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда калктын 33 пайызы көмүр менен камсыздалды

Кызыл-Кыяда калктын 33 пайызы көмүр менен камсыздалды

Кызыл-Кыя шаарында кышкы жылытуу мезгилине калкка 9000 тонна көмүр керектелсе, учурда анын 33 пайызы камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн облустук өкүлчүлүктөн маалымдады. Билдирүүгө караганда, шаарда 100454 турак жай болсо, анын 27 пайызы камсыздандырылган. 19-октябрда президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде бир катар объекттердин кышка даярдыгы жана көмүр

Ишкер Media
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 29,6 млрд сомго өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 29,6 млрд сомго өстү

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,6 млрд сомго же 11,2%га көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы сумманын 30,9 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында болсо, 293,1 млрд сому

Ишкер Media
Өкмөт башчы айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйгөнүн айтты

Өкмөт башчы айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйгөнүн айтты

Өлкөдө айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмү артып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрымын менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз балы жана жаңгагы, малина менен кулпунайы чет элдик жана жергиликтүү керектөөчүлөр арасында суроо-талапка ээ.  "Акыркы

Ишкер Media