Өкмөт башчы айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйгөнүн айтты
Өлкөдө айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмү артып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрымын менен куттуктаганда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз балы жана жаңгагы, малина менен кулпунайы чет элдик жана жергиликтүү керектөөчүлөр арасында суроо-талапка ээ.
"Акыркы жылдары айыл чарба тармагы туруктуу өсүш динамикасын көрсөтүүдө. Айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо көлөмү артып жатат", - деди Касымалиев.
Касымалиев кошумчалагандай, мамлекеттик деңгээлде жана эл аралык аренада фермерлердин кызыкчылыктарын коргоо, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана алардын продукциясына адилеттүү шарттарды түзүү багытында иштер улантылат.