Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 29,6 млрд сомго өстү
2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 324 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,6 млрд сомго же 11,2%га көп. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы сумманын 30,9 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында болсо, 293,1 млрд сому банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон.
Мындан тышкары, 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына өлкө боюнча 1 трлн 871,2 млрд сом нак акча келип түшкөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 385 млрд сомго же 25,9%га көп.
Ал эми банктардын кассаларынан үчүнчү чейректе 1 трлн 883,4 млрд сом берилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 378,5 млрд сомго же 25,2%га жогору.
Ошол эле учурда 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын кайтарымдуулугу 99,4%ды түзгөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын үчүнчү чейрегине салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка жогорулаган.