Кызыл-Кыяда калктын 33 пайызы көмүр менен камсыздалды
Кызыл-Кыя шаарында кышкы жылытуу мезгилине калкка 9000 тонна көмүр керектелсе, учурда анын 33 пайызы камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн облустук өкүлчүлүктөн маалымдады.
Билдирүүгө караганда, шаарда 100454 турак жай болсо, анын 27 пайызы камсыздандырылган.
19-октябрда президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде бир катар объекттердин кышка даярдыгы жана көмүр сатуу түйүндөрү текшерилди.
Ошондой эле турак жайларды мамлекеттик камсыздандыруу жана билим берүү мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо маселелери каралды.