КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок
Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, кыргыз сому өлкө аймагындагы жалгыз расмий төлөм каражаты болуп саналат.
“Ал эми муниципалдык транспорттогу жол кире акысын нак акча менен кабыл албоо расмий түрдө Бишкек мэриясынын жана шаардык кеңештин токтомуна негизделгендиктен, мыйзам бузуу катары каралбайт. Бул жагдайды мэрия жол коопсуздугунун эрежелерин сактоого, ачыктык жана коррупция менен күрөшүүгө, жүргүнчүлөрдү отургузууну тездетүүгө, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана акча каражатын жалпы бирдиктүү эсепке чогултууга жана көзөмөлдөөгө байланыштырат” – деп белгиленди расмий жоопто.
Мекеменин түшүндүрмөсүнө ылайык, мэрия бул чечимди жол коопсуздугун камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү тездетүү жана жол киреден түшкөн каражатты бирдиктүү эсепке алуу зарылдыгы менен негиздейт.