Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты
Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду.
Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат.
"Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат", - дейт Жапаров.
Ошондой эле студенттер эл аралык деңгээлдеги жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу зарылдыгы белгиленди.
"Биз дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен биргелешкен кош диплом программаларын өнүктүрүп, ошондой эле Кыргызстанга таанымал эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарттарды түзөбүз", - деди президент.
Президент билим берүү программалары эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүн жана тармактарды өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен түзүлүшү керектигин айтты.
"Бул жерде бизге ата мекендик да, чет өлкөлүк да жогорку квалификациялуу академиялык адистер керек болот. Биз андай адистерди Кыргызстанга тартууга, алардын иштөөсү үчүн жумуш орундарын түзүүгө, мамлекеттик заказдарды берүүгө, илимий изилдөөлөрдү каржылоого жана турак-жай менен камсыз кылуу жаатында зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз", - деп айтты өлкө башчысы.
Мындан тышкары ал билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында жакын арада "Студенттик насыя" аттуу узак мөөнөттүү ыкманы ишке киргизүү мерчемделип жатканын белгиледи.