“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт
Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады.
Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору каралды.
Бул боюнча Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун баяндамасы угулуп, анда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ыйгарым укуктуу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатын көздөөрү белгиленди.
Жыйында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жаңы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алышты.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Отурумдун соңунда МинКаб төрагасы калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу – мамлекеттин эң артыкчылыктуу иши экенин айтып, алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так план түзүүнү, таза сууга байланышкан курулушка бөлүнгөн каражаттын натыйжасы болушу керектигин кошумчалап, курулуштун сапатын, мөөнөтүн жана мыйзамдуулугун сактоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.