Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди.

Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "Байтик Резорт" жана "Чаткал Резорт" долбоорлору ишке ашырыларын айтты.

Ошондой эле Бишкек, Ош жана Манас шаарларында, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык иш-чараларды өткөрүү аркылуу бизнес-туризмди өнүктүрүү пландалууда.

Президент тоолуу аймактарда ишкердикти жаңы баштагандарга чакан бизнести өнүктүрүүнү сунуштап, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, улуттук ашканага, ат менен сейилдөөгө жана тоо экскурсияларын уюштурууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетине өлкө ичинде түзүлүүчү кошумча наркты көбөйтүүгө багытталган туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырын калыптандыруу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media