Өлкөдө 52 юридикалык жак ишин токтотту

Өлкөдө 52 юридикалык жак ишин токтотту

21-октябрда президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолукту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө эл аралык өнөктөштөргө санкциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Маалыматка ылайык, 52 юридикалык жак ишин токтотуп, 57 юридикалык жакка карата мажбурлап жоюу жол-жоболору башталган. Дагы 25 юридикалык жакка карата текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мамлекеттик банктар 240тан ашык эсепти тейлөөнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Санкциялык комплаенс системаларына көз карандысыз баа берүү үчүн эл аралык Kroll консалтингдик компаниясы тартылууда.

Жолугушууда экспорттук көзөмөлдү өркүндөтүү, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдү күчөтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашуу маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 150 орундуу мектеп курулат

Араванда 150 орундуу мектеп курулат

Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Абад айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылат. Объекттин сметалык баасы 143 миллион сомду түзөт. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп «А», «Б» жана «В» блокторунан турат. Анда эки кабаттуу окуу

Ишкер Media
Бишкекте Орусиянын өнөр жай министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү

Бишкекте Орусиянын өнөр жай министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү

21-октябрында Экономика министрлигинде Орусиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Роман Чекушов баштаган делегация менен жолугушуу болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууга ЕЭКтин өнөр жай боюнча министри Гоар Барсегян жана кыргызстандык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Тараптар ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк байланыштарды кеңейтүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 маданий борбор куруу мерчемделүүдө

Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 маданий борбор куруу мерчемделүүдө

2030-жылга чейин көп функционалдуу 30 «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, жыл сайын кеминде 50 маданият мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат. "Келечек" программасынын алкагында мектеп окуучулары

Ишкер Media
Айгүл Жапарова: "Өлкөдө балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өстү"

Айгүл Жапарова: "Өлкөдө балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өстү"

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган Дүйнөлүк саммитке катышты. Бул тууралуу биринчи айымдын Фейсбук соцтармагындагы баракчасына жарыяланды. Саммиттин алкагында балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресс да уюштурулду. Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда балдар онкологиясына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы жылдары бул

Ишкер Media