Кыргызстанда 2030-жылга чейин 30 маданий борбор куруу мерчемделүүдө
2030-жылга чейин көп функционалдуу 30 «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, жыл сайын кеминде 50 маданият мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
"Келечек" программасынын алкагында мектеп окуучулары жана студенттер театрларга, музейлерге жана китепканаларга үзгүлтүксүз баруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргыз тилиндеги контентти кеңейтебиз, кыргыз адабияты менен дүйнөлүк адабияттагы белгилүү чыгармаларды басып чыгарабыз, кино жана аудиовизуалдык продукцияларды которууну, ошондой эле "Санарип Мурас" платформасы аркылуу маданий мурастарды санариптештирүүнү өнүктүрөбүз", - деди президент.