Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы
Гавриловка айыл өкмөтүндө жолдорду оңдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, аймакты көрктөндүрүү жана таштандыларды чыгаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Гавриловка айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн ишин санариптештирүүгө көңүл бурулду. Атап айтканда, айыл өкмөтүнүн санариптик паспортун толтуруу, жарандардын арыздарын маалыматтык системаларга киргизүү жана кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Джантаев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши менен таанышты. Анда тиричилик калдыктарын чогултуу жана өз убагында чыгаруу, санитардык тазалыкты камсыз кылуу, ошондой эле ишкананы атайын техника жана жабдуулар менен камсыздоо маселелери каралды.