Улуттук банк эки төлөм уюмуна 6 млн сомдон ашуун айып салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 6 млн сомдон ашуун айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл комитети эки төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун мыйзам бузууларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, текшерүүдө алар кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана каржылоого каршы мыйзамдарды бузган.

Биринчи уюмга 5 млн 381 миң 247 сом айып салынган. Буга эл аралык электрондук акча которууларда кардарды талаптагыдай текшербей койгону себеп болгон.

Экинчи уюмга 804 миң 130 сом айып салынды. Ал иштиктүү мамиле түзүүдө жана эл аралык которууларда кардарды текшерүү тартибин бузган.

Жалпы айыптын суммасы 6 млн 185 миң сомдон ашты.

Төлөм уюму — банк болуп саналбаган, бирок төлөмдөрдү кабыл алуу, иштетүү жана төлөм кызматтарын көрсөтүү менен алектенген юридикалык жак болуп саналат. Мындай уюмдар жарандарга жана ишканаларга ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгү Улуттук банк тарабынан жөнгө салынып, атайын лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

Таласта эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

Талас шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын жана Талас районунун Арашан айылындагы мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аталган объекттерге пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө О. Өмүрбекова көчөсүнүн 82-дарегиндеги көп кабаттуу турак жайды Мамлекеттик

Ишкер Media
Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы имараттардын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Министр жаңы объектилер өлкөнүн илимин жана билим берүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи. "Заманбап инфраструктура сапаттуу билим алууга жана квалификациялуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 22-октябрда Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басыма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, Батуми шаарында өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Грузиянын саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңири талкуулашты. Анда туризм маселелерине, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык

Ишкер Media
Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында  кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты бекемдөөдө

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөгө белгилүү АКШдагы Ыйык Иуда балдар изилдөө ооруканасынын (St. Jude Children’s Research Hospital) өкүлдөрү менен жолугушту. Министрликтин маалыматына караганда, тараптар Кыргызстанда онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга

Ишкер Media