Таласта эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

Таласта эки курулушта мыйзам бузуулар аныкталды

Талас шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын жана Талас районунун Арашан айылындагы мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аталган объекттерге пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүдө О. Өмүрбекова көчөсүнүн 82-дарегиндеги көп кабаттуу турак жайды Мамлекеттик бирдиктүү реестрге киргизүү талаптары сакталбаганы аныкталган. Ал эми Арашан айылындагы 225 орундуу мектептин курулушунда имараттын бекемдигин жана сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу талаптары бузулган.

Мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, курулушка жооптуу "ГИС" ЖЧКсына жана К.Р. аттуу жеке жакка Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Самарканддагы дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, документке Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Өзбекстан президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттиги кол койду. Меморандум боюнча тараптар: • социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашуу • аярлуу катмарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу • санариптик чечимдерди киргизүү • социалдык кызматкерлерди

Ишкер Media
Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Баткен филиалында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады. Маалым болгондой, комиссия жабдуулардын техникалык абалын, оңдоо иштерин, аба чубалгыларын, релелик коргоо системаларын жана авариялык бригадалардын даярдыгын текшерүүдө. Ошондой эле: • запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү • кызматкерлердин кышкы кийим

Ишкер Media
Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматкаылайык, Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо

Ишкер Media
Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы имараттардын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Министр жаңы объектилер өлкөнүн илимин жана билим берүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи. "Заманбап инфраструктура сапаттуу билим алууга жана квалификациялуу

Ишкер Media