Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 22-октябрда Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басыма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Батуми шаарында өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Грузиянын саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңири талкуулашты.
Анда туризм маселелерине, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу пландарын да талкуулашты.
Тараптар эки мамлекеттин лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.
Жолугушууда Грузиянын Парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилинин Кыргызстанга пландылып жаткан алдыдагы расмий сапарынын маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынтыгында министр Кулубаев Мака Бочоришвилини 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.