Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен АКШ саламаттык сактоо тармагында  кызматташтыкты бекемдөөдө

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөгө белгилүү АКШдагы Ыйык Иуда балдар изилдөө ооруканасынын (St. Jude Children’s Research Hospital) өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, тараптар Кыргызстанда онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун катышуучулары алдыдагы кызматташуунун багыттарын да талкуулашты.

Алардын катарында улуттук клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана жаңылоо, заманбап эл аралык дарылоо протоколдорун улуттук саламаттык сактоо системасынын шарттарына ылайыкташтыруу, балдар онкологдорунун жана онкогематологдорунун квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле адистештирилген медициналык жардамга муктаж балдар менен иштеген медайымдарды окутуу маселелери каралды.

Кызматташуунун өзүнчө багыты катары медициналык адистердин кесиптик дараметин чыңдоо, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап ыкмаларын киргизүү белгиленди.

Ыйык Иуда ооруканасынын эл аралык байланыштар боюнча директорунун орун басары Карлос Родригес-Галиндо Кыргыз Республикасынын балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгиледи. Ошондой эле жетишилген ийгиликтердин маанилүүлүгүнө жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн улуттук системасын мындан ары чыңдоо келечегине токтолду.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Жалал-Абад университетинде 5 жаңы имарат ачылды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы имараттардын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Министр жаңы объектилер өлкөнүн илимин жана билим берүүсүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи. "Заманбап инфраструктура сапаттуу билим алууга жана квалификациялуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Грузиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 22-октябрда Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басыма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, Батуми шаарында өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Грузиянын саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңири талкуулашты. Анда туризм маселелерине, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык

Ишкер Media
Улуттук банк эки төлөм уюмуна 6 млн сомдон ашуун айып салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 6 млн сомдон ашуун айып салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл комитети эки төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун мыйзам бузууларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө алар кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана каржылоого каршы мыйзамдарды бузган. Биринчи уюмга 5 млн 381 миң 247 сом айып салынган. Буга эл аралык электрондук акча которууларда

Ишкер Media
Агартуу министри Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды

Агартуу министри Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 22-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн балдарга арналган Дүйнөлүк саммиттин пленардык жыйында баяндама жасады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр анда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларынын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, "Алтын Казык" программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү,

Ишкер Media