Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайга 220 миң сом айып салынды

Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайга 220 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында мыйзам талаптарын бузган төрт акча алмаштыруучу жайга жалпы 220 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сомдон айып салынган. Буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушу себеп болгон.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Фучик көчөсү, 1а жана Чүй проспектиси, 287б даректеринде жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулган.

Аталган бюронун 2022-жылдын 25-майында берилген №6295 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 23-октябрынан 27-октябрын кошо алгандагы мөөнөткө токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда

Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаарында жалпы инвестициялык көлөмү 71,5 млн долларды

Ишкер Media
MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media