Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаарында жалпы инвестициялык көлөмү 71,5 млн долларды түзгөн көмүрдү кайра иштетүүчү жана цемент заводдору курулууда.
"Таш-Көмүр КФ" көмүрдү кайра иштетүүчү заводдун курулушуна болжол менен 1,5 млн доллар инвестиция салынууда. Ишкананы 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү мерчемделген.
Ал эми "ЮгЕвроЦемент" цемент заводунун курулушуна 70 млн доллар инвестиция тартылган. Аталган ишкананы 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, Таш-Көмүрдө дарыянын жээгинде туристтик аймак түзүү жана Курп-Сайдан шаарга таза ичүүчү суу жеткирүү долбоорлору да өнүгүүнүн маанилүү багыттары катары белгиленген.