Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору
Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү.
Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн жооп беришти.
— Финансылык сабаттуулук деген эмне? Жарандар аны кайдан үйрөнүшөт?
— Финансылык сабаттуулук - бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, финансылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү.
Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоонун кошумча чарасы болуп саналат. Финансылык сабаттуулуктун деңгээли финансылык билим берүүнүн жыйынтыгында жогорулайт, бул процесстин алкагында жарандар финансылык продукттар жана кызматтар боюнча түшүнүгүн арттырып, бул багытта финансылык аракеттердин көндүмдөрүнө ээ болот.
— Жарандар финансылык сабаттуулукту калыптандыруу үчүн канча убакыт керектелет? Ал үчүн кандай адаттарды кальптандырышы зарыл?
— Ал үчүн жаран билимин финансылык сабаттуулуктун базалык билим стандарттарына чейинки деңгээлине көтөрүп, финансылык жүрүм-турумун кайра карап чыгып, финансыга болгон мамилесин өзгөртүүсү керек. Эң биринчиден өз айлык, жылдык чыгаша/кирешелер жөнүндө толук түшүнүгү болуш абзел. Анткени, жаран өз бюджети жөнүндө түшүнүгү болгондуктан канча каражат күнүмдүк сарптоого жана топтоого бөлүнө турган өлчөмүн санай алат.
Финансы жактан сабаттуу жаран финансылык коопсуздук жаздыкчасын топтоп күтүлбөгөн чыгымдардан корголгон болот. Мындан тышкары топтолгон каражатты шылуундардан коргоону билип, топтолгон каражатын финансылык инструментке салып, туруктуу киреше алып келүү түшүнүгү бар болууга тийиш. Ошондуктан, жаран өз чыгаша/кирешелер жөнүндө эсеп жүргүзүүнү адат катары калыптандырышы керек.
— Жарандар акчасын чогултууда кайда сактаганы пайдалуу?
— Бир нече варианттарды атасак болот.
Мамлекеттик казыналык облигациялар – мамлекет тарабынан берилген пайыздык кирешеси (купону) жана узак мөөнөттүү баалуу кагаздары.
Коммерциялык банктардагы депозиттер – пайыздык кирешеси менен салымдар, 1 млн сомго чейин камыздандырылган.
Зергер, алтын, мал жана башка баалуу нерселерде каражат топтосо болот, бирок тобокелдиктери жана ликвиддүүлүгүн (ред., минималдуу чыгым кетирип, түркүн активдерге тез арада ээ болуу) эске алыш керек.
Мындан тышкары, акча топтоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
- Кыска, орто жана узак мөөнөттүү максаттарды коюңуз. Акчаны чогултуп жатканда, сатып алуунун зарылдыгын, анын үй-бүлө үчүн канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу баалаңыз.
- Кирешеңерди көбөйтүп, чыгымдарыңарды азайтуунун жолдорун аныктаңыз.
- Сатып алуу тизмесин дайыма түзүп туруңуз. Бардык чыгымдарыңарды жазуу жүзүндө эсепке алыңыз.
- Ай сайын канча акча топтогуң келерин аныктаңыз. Сумманы аныктоодо эч кандай катуу чектөөлөр жок, анткени бардыгы жекече жана сиздин чыныгы кирешелериңизге жана чыгымдарыңызга, ошондой эле сиздин максаттарыңызга жана топтогон каражаттарыңызга жараша болот. Ай сайын топтогон акчаңыз жалпы кирешеңиздин 10-30% болушу мүмкүн. Бирок акча топтоо сиздин ден соолугуңузга жана үй-бүлөңүздүн ден соолугуна зыян келтирбеши керек.
- Бир нече айлык бюджетиңерди түзүп, аны үй-бүлөңөр үчүн өзгөчө кырдаал болгондо гана колдонуңуз.
— Депозит, инвестиция боюнча дагы түшүндүрүп өтсөңүз.
— Депозит продукттар салттуу жана ислам каржылоо принциптеринде сунушталат. Банктын депозиттерди банктын кеңсесине кайрылуу же банктардын расмий мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн ачууга болот.
Азыркы учурда көпчүлүк банктардын өзүнүн мобилдик тиркемеси бар, ал банктын бардык кызматтарын кеңсеге барбай туруп колдонууга мүмкүндүк берет. Депозиттерге байланыштуу, мобилдик тиркеме аркылуу ар бир депозиттин шарттарын изилдөө;
- депозиттик калькулятор аркылуу кирешени эсептөө;
- депозит ачуу;
- депозиттерди толуктоо;
- пайыздын эсептелишин байкоо; эсептелген пайыздарды картага которуу;
- депозитти жабууга болот.
Инвестициялоо - бул келечекте киреше алуу максатында акча каражаттарын салуу же башка активдерди сатып алуу.
Активдер - бул сизге акча алып келген нерсе. Активдерге туруктуу каржылык кирешени жаратуу, убакыттын өтүшү менен наркын жогорулатуу шарттарына жооп берген бардык каржылык салымдарыңыз кирет.
— Санариптик финансылык сабаттуулук деген кандай болот? Аны өнүктүрүү жолдору боюнча айтсаңыз.
— Санариптик финансылык сабаттуулук – бул адамдын өз акчасын башкаруу үчүн санариптик куралдарды, кызматтарды жана технологияларды коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу жөндөмү. Онлайн платформалар жана мобилдик банк тиркемелери аркылуу финансылык инструменттерди колдонуу. Так айтканда, QR-код аркылуу төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүүнү билүү, онлайн-камсыздандыруу, депозиттик же кредиттик эсептерди ачуу, баалуу активдерди, анын ичинде криптоактивдери, сатып алуу, коопсуз пайдалануу да кирет.
Санариптик сабаттуулук – бул окуу, жазуу, техникалык көндүмдөр жана критикалык ой жүгүртүүнү колдонуу менен санариптик дүйнөбүздө багыт алуу жөндөмү. Ал маалыматты табуу, баалоо жана баарлашуу үчүн смартфон, компьютер, электрондук окурман жана башкалар сыяктуу технологияларды колдонуу.
— Финансылык коопсуздукту кантип коргоо керек?
— Көпчүлүк адамдар чоң киреше алуу үчүн аз акча салууну каалашат. Бирок "Киреше канчалык жогору болсо, тобокелчилиги ошончолук жогору" деген принципти эстен чыгарбашыбыз керек. Орточо кирешелүүлүк деген бар, ал жыл сайын канча пайызды акчалай алып келген ортомчо белги. Орточо кирешелүүлүк Улуттук банктын эсептик ченине барабар. Эгер сиз тапкан активге орточо кирешелүүлүктөн кыйла жогору болсо, анда ошончулук кирешелүүлүктүн булактарын так изилдеп кирүү керек. Мисалы, финансылык пирамида – бул жаңы катышуучулардын акча каражаттарын үзгүлтүксүз тартуунун эсебинен уюмдун мүчөлөрүнө киреше алууну камсыз кылуучу алдамчылык система: пирамиданын биринчи мүчөлөрүнө киреше кийинки мүчөлөрдүн каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Мындан тышкары, банк картаны колдонуу эрежелери бар:
- Банкоматтан акча алууда эч качан чоочун адамдардан жардам сурабаңыз. Андан көрө, картаңызды алгандан кийин банк кызматкерлеринен жардам сураңыз. Бирок ошол эле учурда, ПИН-кодду толтуруп жатканда колуңуз менен жазуу панелин жаап коюңуз.
- Сиздин ПИН-кодуңузду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, CVV/CVC-коддоруңузду (бул коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесинде жайгашкан акыркы үч цифра), интернет-банкингдин логинин жана сырсөзүн эч кимге, анын ичинде туугандарыңызга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештериңизге билдирбеңиз.
- Расмий сайттарды гана колдонуңуз, эч качан текшерилбеген шилтемелерге кирбеңиз жана жеке маалыматтарыңызды жана картаңыздын маалыматтарын киргизбеңиз.
- Эгер картаңыз уурдалып калса же жоголсо, банкоматтан алынган болсо же башка кыйынчылыктар пайда болсо, дароо банкка чалыңыз.
- Банктык эсептериңизди дайыма текшерип туруңуз. Эгер сиз жасабаган операцияны байкасаңыз, банкка дароо кайрылып, жагдайды түшүндүрүп берүүнү сураныңыз.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Иш-чара 30-октябрга чейин созулулат. Демилгенин негизги милдети – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражат топтоо маданиятын жайылтуу жана жарандардын жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу башкаруусуна өбөлгө түзүү.