Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.

Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев бардык расмий сапарларында мекендештер менен жолугушууга артыкчылык берерин белгилеп, дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн, ар бир кыргызстандык өлкөнүн ажырагыс бөлүгү экенин кошумчалады.

"Мекенден алыста жүрсөңүздөр да, жүрөгүңүздөр Кыргызстан деп согуп, элибиздин каада-салтын, тилин жана маданиятын сактап, өлкөбүздүн аброюн көтөрүп келесиздер", – деди төрага.

Жогорку Кеңештин Төрагасы чет өлкөлөрдө билим алып, кесиптик тажрыйба топтоп жаткан жаштардын дараметине да өзгөчө токтолуп, алардын билими жана тажрыйбасы Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештер өздөрүн кызыктырган бир катар маселелерди көтөрүп, сунуш-пикирлерин билдиришти. Атап айтканда, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык жарандардын шайлоого талапкер катары катышуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, Жапонияда кыргыз тилин унутпай, кыргызстандын тарыхты чагылдырган жаны тасмаларын көрсөтүүнү уюштуруу жана эки өлкөнүн ортосундагы визалык шарттарды жеңилдетүү маселелери да айтылды.

Ошондой эле JDS программасы аркылуу Жапонияга билим алууга келген жарандардын эмгек акысынын төлөнүшүнө байланышкан маселелер, негизи эле билим алууга келген студенттердин маселесин, жапон инвесторлору үчүн Кыргызстанда жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөдө эмгектенген жарандардын пенсиялык чегерүүлөрүнө байланышкан жагдайлар көтөрүлдү.

Төрага айтылган ар бир сунуш-пикирге жооп берип, анын ичинен шайлоо мыйзамдарына айтылгандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, JDS программасы менен окууга кеткендердин айлык маянасын төлөп берүү маселелери сөзсүз каралып чыгарын кошумчалады.

Андан сырткары төраганын колдоосу менен жакынкы аралыкта Жапонияда кыргыз кинолору көрсөтүлүп, мекедештердин ынтымагын арттыруу максатында атайын иш-чара уюштурулары жана анда кыргыз тилиндеги китептер да берилери айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Киотонун губернатору менен жолугушту

Төрага Маматалиев Киотонун губернатору менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга жасаган расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки жана башка жетекчилер менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Жаныбек Аматов, Эрулан Кокулов, Бурул Аманова жана Максат Алымбеков да катышты.  Төрага Жапония Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш

Ишкер Media
Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт. Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган,

Ишкер Media
26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media