Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Тогуз-Торо районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадын куруу долбоору ишке ашырылууда.
Маалыматка ылайык, Казарман ГЭСтер каскады 3 гидроэлектр станциясынан турат.
Мындан тышкары, райондун аймагы аркылуу "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун 70 чакырымдык бөлүгү өтөт.
Аталган долбоорлор Тогуз-Торо районунда ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлордун катарына кирет.