26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү
Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат.
Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп таш көмүр, жыгач жана курулуш материалдары, кант, пахта жана нан жүктөрү эсептелген. Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү бул күндүн урматына карата, аталган кесиптин маанилүүлүгүн цифралар менен ачып берди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн.тонна жүк, же алардын көлөмүнүн 80 % ашыгы ташылган. Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын 56 % ашыгы жеке жактар тарабынан ишке ашырылган. Ага ылайык, жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.
2025-жылда автоунаа транспорту менен жүк ташуулар

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуунун 90 % ашыгы автобус жана таксилерге туура келет. 2025-жылы жеке жактарга таандык автобус жана таксилер менен 381 млн., же 58 % ашык жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан - 279 млн. жүргүнчүлөр же 42 % жакыны ташылган. Адистештирилген автобустар жана электроавтобустар менен ташуунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 1,6 эсе өскөн.
Жүргүнчүлөрдүн эң көп саны Бишкек шаарынын ошондой эле Чүй облусунун чарбалык субъекттери тарабынан ташылган.
2025-жылда автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (пайыз менен)

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 1-январына карата республикада жеке менчик ээлеринин менчигинде 1,4 млн. ашык жеңил авто унаалар болгон, алардын саны 2024-жылдын 1 январына салыштырмалуу 13 % көбөйдү.