Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт
Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске салды.
"Акыркы беш күндө, анын ичинде эртеңки күндү да эсептегенде, абанын орточо температурасы 6,5 градусту түзүүдө. Ошондуктан 28-октябрдан тарта жылуулук беребиз. Ошондой эле ал абанын температурасы жогорулап кетсе да жылытуу токтотулбайт", - деп жазылат маалыматта.