Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр QR-код аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүүнү макулдашты

Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын борбордук банктары чек ара аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-23-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча IV регионалдык жолугушуу өттү. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеген делегация катышты.

Жолугушууда тез төлөм системаларын өнүктүрүү, бирдиктүү QR-код стандарттарын киргизүү, киберкоопсуздук жана финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен протоколго кол коюп, беш өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү макулдашты. Ал QR-код аркылуу чек ара аралык төлөмдөрдү уюштуруу жана улуттук төлөм системаларын интеграциялоо маселелерин иштеп чыгат.

Ошондой эле тараптар киберкоркунучтар жана алдамчылык схемалары тууралуу маалымат алмашууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат. “Жарандар кайрылып жатышат. Кечки

Ишкер Media
Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Өлкөдө жыл башынан бери көлдөрдөн 3,6 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда жыл башынан бери суу объектилеринен 160 чакырымдан ашуун балык уулоочу тор жана 3,6 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, тазалоо иштери суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында жүргүзүлүүдө. Негизги иштер Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Орто-

Ишкер Media
Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай суу чарбасы тармагында кызматташат

"Кыргызсуудолбоор" ААК менен Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 15–24-октябрь күндөрү "Кыргызсуудолбоор" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Эрмек Дурусалиев жетектеген делегация Кытайга иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында кыргыз

Ишкер Media
"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

"Жети-Өгүз" санаторийин реконструкциялоо 2027-жылдын майында аяктайт

Ысык-Көл облусундагы "Жети-Өгүз" санаторийинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2027-жылдын май айында толук аяктайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрда Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийге барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийде төрт кабаттуу жаңы башкы корпус, эки кабаттуу дарылоо

Ишкер Media