Бишкектен Токмок, Кант, Кара-Балтага туруктуу автобус каттамдарын киргизүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкектен Чүй облусунун шаарларына жана калктуу конуштарына туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда, парламенттин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, Токмок, Кант, Кемин, Сокулук жана Кара-Балтадан Бишкекке каттаган тургундар эртең менен жана кечинде транспорт жетишсиздигинен кыйналып жатышат.
“Жарандар кайрылып жатышат. Кечки маал же таңкы маалда үйлөрүнө кете албай жатышат. Себеби маршрутка - автобустар аз жүрүп, батпай калып, жол тыгындары, узун кезектер болуп жатат. Транспорт министрлиги туруктуу автобус каттамдарын уюштуруп берсе. Адамдар Бишкекке ээн-эркин келип-кеткендей шарт түзүлсө”, — деди Бекешов.
Ошондой эле депутат айрым ташуучулар жол кирени өз алдынча белгилеп, каалаган учурда каттамдан чыгып кетип жатканын сынга алды.
Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине шаарлар аралык туруктуу автобус каттамдарын уюштурууну тапшырууну сунуштады. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте колдонулган “Мой город” тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселесин көтөрдү.
Бекешовдун айтымында, буга чейин да Бишкек менен Чүй облусунун калктуу конуштарынын ортосундагы коомдук транспорттун жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүлүп, арыздар каралып келген, бирок натыйжа болгон эмес.